Ректор 2-курстун студенттери менен жолугушту жана жол кырсыганан каза болгондорго Куран окулуп, дуа кылынды

Бүгүн 29-ноябрь шаршемби күнү Кыргызстан Ислам Университетин ректору Абдишүкүр Нарматов 2-курстун студенттери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда КИУнун ректору илим дүйнөсүнө кадам таштаган студенттерге илим-билим тууралуу кеп-кеңеш, насааттарын айтты жана илимдин, илим алуунун пайдасы тууралуу Курани Каримдеги аяттарга жана Пайгамбарыбыздын бир топ хадистерине токтолду. Пайгамбарыбыздын мураскери болуу өтө сыймыктуу, бирок ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, илим алуучу инсан кандай болуусу керек экендиги тууралуу студенттерге кенен баяндады.

Ошондой эле өлкөбүздө болуп өткөн жол кырсыктарынан каза болгон мекендештерибиздин рухтарына багышталып, КИУ нун мугалимдери жана студенттери тарабынан буга чейин 20 хатм Куран окулган. Бүгүн Куран хатымы жыйынтыкталып, сообу каза болгон мекендештерибизге жана ошолордун катарында Кыргызстан Ислам Университетинин материалдык, техникалык базасына салымын кошуп келген бир тууган Марипов Шарабидин, Арабидин жана Тяншань байкелерибиздин рухтарына багышталды. Агаларыбыздын кылган жакшылыктарын Аллах Таала эселеп көбөйтүп, ал эми пендечилик кылып кетирген каталарын кечирген болсун жана Өз мээримине бөлөсүн – деп Жараткан Аллах Тааладан жалбарып, дуа кылып суранабыз.

Маркумдардын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыздар, арты кайырлуу болсун!

إنا لله وإنا إليه راجعون

“Аларга кайгы-балээ келгенде   алар: «Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» — деп айтышат.”  Бакара сүрөсү: 156-аят

Добавить комментарий