ал-Азхару Шарифтин шайхы, дин аалымы, профессор, доктор Ахмад Тоййиб менен жолугушуу

Admin
3 декабря 2023 г. 7:10

3-декабрь, жекшемби күнү ал-Азхару Шарифтин шайхы, дин аалымы, профессор, доктор Ахмад Тоййиб Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевичти, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиевди жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовду кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты. Жолугушууга ал-Азхар тараптан Вакилул-Азхар (биринчи проректор), доктор Мухаммад Абдурахман ад-Давииний жана Чет элдик студенттер факультетинин деканы, илимий иштер боюнча иш-кагаздарынын жетекчиси доктор Абдулмунъим катышты. «Кыргызстандык студенттер үчүн ал-Азхар университетинин эшиги дайыма ачык. Бүгүнкү күнгө чейин ал-Азхар университети жана анын карамагындагы институттар кыргызстандык студенттерге таалим-тарбия берүүдө. Ошондой эле Эл аралык ал-Азхар Академиясы да имамдардын, мударристердин деңгээлин жогорулатуу максатында алгылыктуу кызмат кылууда. Ал-Азхардын орток пикирин, таалимин алган бүтүрүүчүсү кайсы жерде болбосун ал-Азхардын жүзү жана өз өлкөсүнүн сыймыгы. Албетте, Кыргызстан менен биргеликте илимий, агартуу иштеринде кызматташууга даярбыз» – деди жолугушуунун алкагында Шайхул-Азхар. Жогоруда аталган делегация да жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Шайхул-Азхарга ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле ал-Азхардын дүнүйө жүзүнө, аны менен биргеликте аша чаппаган – орто жолду карманган – бүтүрүүчүлөрү жана жиберип турган мугалимдери аркылуу Кыргызстан мусулмандарына да кошкон салымы зор экенин белгилешти. Сапардын алкагында, Египеттеги ал-Азхар университети менен Кыргызстан Ислам университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимдин алкагында ал-Азхар университети Араб тили мугалимдерин жиберип туруу, кыраат илими боюнча адистерин жиберип, Кыргызстандагы Куран жаттаган хафиздерди окутуп, аларга ижааза берүү жана илим-билим жаатында кызматташуу маселелери каралды.