16-февраль күнү окуу жайыбыздын кыздар корпусунда Теология кафедрасынын 1-2-курсунун студенттери менен биргеликте " 21-февраль - эне тилдин эл аралык күнүнө" карата иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эне тилибизди даңктап, барктаган көркөм окуулар, Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, комузда кыргыздын залкар күүлөрү чертилип, "хадистен макалга" аттуу кызыктуу жана өрнөктүү оюндар менен коштолду. Ошондой эле маалыматтык технологиянын программалары менен бирдикте "Эне тилиңди канчалык билесиң?" аттуу орфографиялык Kahoot оюндары менен коштолуп өттү. Иш-чарага окуу жайыбыздын администрациясы катышып, аягында студенттерибизге алкыш, насаат кептерин айтышып, бата- дубаларын беришти.