1-курстун студенттерине сынак китепчелери жана студенттик билеттер тапшырылды

21-ноябрь күнү Кыргызстан Ислам Университетинин 1-курсунун студенттерине сынак китепчесин жана студенттик билеттерин тапшыруу аземи болуп өттү.
Аземге Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов, Тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Марс Ибраев, Окуу иштери боюнча проректору Абдубаси Матраимов, Окуу бөлүм башчысы Саипназар Гүлмуродов, КИУнун ага окутуучусу Ибрахим Баширов жана башкалар катышты.
Кечени студенттик кеңештин маданият бөлүмүнүн жетекчиси Баяман Орозбаев алып барды жана КИУнун студенти Зарипов Усман кары Куран окуп ачып берди. Андан кийин КИУнун ректору окуу жайыбызга жана илим дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган 1-курстун студенттерин куттуктап, илим-билим тууралуу студенттерге пайдалуу кеп-кеңеш, насааттарын айтты жана илимдин, илим алуунун пайдасы тууралуу Курани Каримдеги аяттарга жана Пайгамбарыбыздын бир топ хадистерине токтолду. Аземдин аягында студенттер Кыргызстан Ислам университетинин ректору жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр Нарматовдун колунан студенттик билеттерин алышты.

Добавить комментарий