«Ислам дини — толеранттуулуктун жана тынчтыктын дини» аттуу тегерек стол

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы “Авеп” коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында «Ислам дини — толеранттуулуктун жана тынчтыктын дини» аттуу тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүм башчысы Акимжан Эргешов, “Авеп” коомдук фондунун кызматкери Кыдыргычов Нарынбек Кыргызстан Ислам Университетинин тарбия жана илимий иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, АКШ элчилигинин кызматкери Говард Гоу Чьюнг, КИУ нун студенттери жана  окуу жайыбызды зыярат кылып келген “Абдыраим кары” медресесинин студенттери катышты. “Ислам дини – тынчтыктын дини, андыктан динибиз жаныбарлардын өмүрүн сактап калууга, дарактардын бутагын эмес чырпыгын себепсиз сындырбоого чакырат. Ал эми маселе адамга келгенде, ким бир адамды өлтүрсө бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарды өлтүргөндөй күнөөгө ээ болору, ушунун тескерисинче ким бир адамга өмүр берсе, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарга өмүр тартуулагандай соопко ээ болору айтылат. Биздин максат – башкаларга өмүр, жакшылык тартуулоо” — деген өңүттөгү ой-пикирлер айтылды.

Добавить комментарий