Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдештин кезектеги турнири Карабалта шаарында өткөрүлдү.

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелердин башын бириктирген спорттук мелдештин кезектеги  турнири Карабалта шаарында 29-октябрда болуп өттү. Аталган мелдешке КИУ нун мугалимдер жамаатынан жана студенттерден волейбол жана футбол боюнча командалар катышты.

Ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган спорттук мелдеш кызуу уланып, спорттун футбол жана волейбол түрлүрү боюнча өттү. Мелдешке 15 диний мекеме катышты:

  1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы;
  2. Кыргызстан Ислам Университети;
  3. “Адеп башаты” коомдук фонду;
  4. И. Арабаев атындагы теология факультети жана колледжи;
  5. Арашан теология факультети;
  6. Борбордук мечит;
  7. “Асыл кенч” коомдук фонду;
  8. “Азхария” билим борбору;
  9. Аян ТВ;
  10. Куран нуру медресеси;
  11. Хазирети Осмон медресеси;
  12. Көлмө медресеси;
  13. Абдулла бин Аббас медресеси;
  14. Аль-Фарук медресеси;
  15. Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы медресеси.

 

Турнирде спорттун футбол жана волейбол түрлөрү боюнча мугалимдер жана студенттер командаларын эске алганда жалпысынан 60 тан ашык команда ат салышты. Иш-чаранын 1-бөлүмүндө спорттук мелдештер кызуу уланып, командалар күч сынашты жана жеңүүчүлөр аныкталды. Эске салсак былтыркы спорттук иш чаранын жайкы турнирин “Адеп башаты” фонду өткөргөн болсо, күзгү турнирди Азирети Осмон медресеси өткөрдү жана жайкы турнирди “Азхария” тил үйрөтүү борборуна ыйгарды.

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелердин башын бириктирген спорттук мелдештин 2-бөлүмүндө жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Командалардын катуу даярдыкта келгенине карабастан жылдагыдан айырмаланып Кыргызстан Ислам Университети алдыңкы орундарды ээледи. Волейбол боюнча командабыз 4-5 жылдан бери алдыңкы орундарды ала элек болсо, бул турнирде жакшы оюн көрсөтүп, мугалимдер жамаатын жана студенттерибизди кубанычка бөлөдү. Жыйынтыгында Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер тайпасы футбол боянча 2-орунга жана волейбол боюнча 3-орунга, ал эми студенттер тайпасы волейбол боюнча 1-орунга жана футбол боюнча 3-орунга ээ болду. Ошондой эле КИУ нун ага окутуучусу Узеналиев Салим устаз жана КИУ нун студенти Адылов Ибрагим мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн ардак грамотасы менен жана акчалай сыйланды. Бардык жеңүүчүлөрдү сыйлыгы менен куттуктайбыз! Азирети Осмон атындагы Ислам Институтунун жалпы эмгек жамаатына жана жогоруда аталган иш чаранын спорттук комитетине терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий