Кыргызстан Ислам Университети “Китепкөй коом” аттуу китеп жарманкесин өткөрдү

«Жакшы китеп – жан дүйнөңдүн азыгы, адамзаттын акыл казынасы. Китеп окубаган коом – эртеңкиси караңгы коом, ал эми китепкөй коом – бул келечеги жарык коом».
Учурда китепке болгон кызыгуу жоголуп баратканынан улам Ыйман, адеп жана маданият жылына карата коомчулукту китепти сүйүүгө үндөө максатында Кыргызстан Ислам Университети “Китепкөй коом” аттуу китеп жарманкесин өткөрдү. Жарманкеге Кыргызстан Ислам Университетинин проректору Акимбай уулу Равшанбек жана университеттин эмгек жамааты ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышты.
Иш-чара алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев адамдын биринчи жан дүйнөсү бул билим алуу, китепти сүйүү экендинин айтуу менен жаштарды билим алуу менен үлгүлүү болууга чакырды. Ал эми КИУнун проректору мындай саамалыктар алгачкы ирээт өтүп жатканын айтып, келечекте республикалык деңгээлде өтүүсү учурдун талабы экендигине токтолду.
Иш чара суроо-жооптор менен коштолуп, жеңүүчүлөргө китептер белекке берилди.

Ошондой эле жарманке Искендер Ормон уулунун “Маданият булагы катары китеп жана китепкөйлүк”, Кадыр Маликовдун “Китеп жана азыркы жашоо” аттуу лекциялары менен коштолду.
Жарманкеге “Дил азык” басма үйү, ОшМУ теология факультети жана Түркия диянет фонду, “Раритет” китеп дүкөнү, Кыргыз китеп дүкөнү, “Ыйман” фонду, Роза Отунбаеванын демилгеси фонду, “Дил мүрөк” фонду, ICEBOOK интернет дүкөнү, “Умма” журналы, Түстүү Куран, “Баластан” балдар журналы жана “AVRASYA PRESS” басма үйү катышып, өз китептерин окурмандарга тартуулады.

4

Добавить комментарий