Сертификат тапшыруу аземи

Кыргызстан Ислам Университетинин алдында ачылган 2 айлык Куран үйрөнүү курсун аяктаган эже-карындаштарыбызга сертификат тапшырылды.
Аземди Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Ниязов Бакытбек устаз ачып берди.  Кыргызстан Ислам Университетинин 2016-жылы бүтүрүүчүлөрү жана аталган курстун мугалимдери Алина жана Алтынай эжейлердин айтымында курстун катышуучуларынын арасынан эки кыз өзгөчөлөнүп, 2 айдын ичинде Куран окууну үйрөнүү менен биргеликте «Ясин» сүрөсүн арабча жаттоого жетишкен. Куран жаттоону мындан ары да улантсын деген жакшы ниетте Ыйык Куран белеке берилди. Ал эми улгайган жашына карабастан, Пайгамбарыбыз (сав) дын «Илим талап кылуу ар бир мусулман эркеке жана мусулман аялга парз» деген хадисине амал кылып Куран окууну арапча үйрөнүүгө аракеттенген апаларыбыздын бар экендиги бизди кубандырат. Курсту ийгиликтүү аяктаган апаларыбыздын бардыгы Пайгамбарыбыз жашап өткөн ыйык Мекке шаарындагы «Харам» мечитин зыярат кылган ажылар. Ажы апаларыбыз курстун эжейлерине жана жаш катышуучу кыз-келиндерге баталарын беришти.
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Добавить комментарий