Облустук жана шаардык казылардын орун басарларына жана райондук баш имам хатибдердин бош кызмат орундарына конкурс болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү чечимиминин жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  уставынын алкагында КМДБнын алдында түзүлгөн дин кызматкерлерин аттестациялоо комиссиясы Кыргызстан Ислам университетинин кичи залында облустук жана шаардык казылардын орун басарларына жана райондук баш имам хатибдердин  бош (ваканттуу) кызмат орундарына конкурс өткөрдү. Конкурска аттестациялоо комиссиясынын жетекчиси, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Ибраев Марс ажы жана комиссиянын мүчөлөрү катышты. Конкурста талапкерлер атайын түзүлгөн билеттик жана кошумча суроолорго жооп беришип,  өздөрүнүн билимдерин сынашты.

002 003 004

Добавить комментарий