“Ислам баалуулуктарын чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын орду”

Бүгүн окуу жайыбызда “Адеп башаты” фондунун колдоосу менен “Дин өкүлдөрү коомдо жана ааламда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес!” деген ураан астында “Ислам баалуулуктарын чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын орду” аттуу чакан форматтагы төгөрөк стол болуп өттү.

Төгөрөк столго Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов,Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев, ИИМдин Свердлов району боюнча 10-бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Чынбердиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эл аралык жана окуу секторунун башчысы Ырысмамат Матиев, “Марал” радиосунун директору Фарухбек Исмаилов, “Аян” телерадиокомпаниясынын жетекчиси Жоодар Сапарбаев, КМДБнын басма сөз катчысы Максат Атабаев, “Адеп башаты” фондунун директору Нурлан Субанов, “Умма” журналынын редактору Алтынбек Мырзакаримов, “Muslimbiz” бизнес порталынын жетекчиси Данияр Чормошев, “Nasaatmedia” ислам порталынын жетекчиси Улан Давлеткулов, “Nasaat.kg” сайтынын жетекчиси Эрназар Таштанбаев жана журналист Темирлан Акматов катышты. Модератор белгилүү журналист Кубат Чекиров болду. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
Диний маселелерди объективдүү чагылдыруу;
Диний маселелерди позитивдүү чагылдыруу;
Исламафобиядан арылуу;
Матрудия идеясы жана Ханафий мектебине басым жасоо;
Бирөөнү же кайсы бир тарапты каралоодон алыс болуу;
Жыйындын акырында төгөрөк столдун катышуучуларына белек тартууланды жана сый тамак берилди.

Жыйындын негизинде резолюция кабыл алынып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жеткирүү милдети уюштуруучуларга жүктөлдү.

Даярдаган: Тынчтык Акматов

11 12 4103 7 14 15 16 21 22

Добавить комментарий