Союзбек Салиев окуу жайыбызда конокто

15-декабрь Бейшемби күнү окуу жайыбызда жер шарын айланып, Кыргыз желегин желбиреткен эрдиги үчүн кыргыз учкучу Союзбек Салиев ыраазычылык барагы менен сыйланды.

2
Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев Союзбек Салиевти түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жер шарын айланган алгачкы учкуч болгондугу менен куттуктады жана Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиреткен эрдиги үчүн ыраазычылык кат ыйгарды. Ошондой эле, бул — жөн гана саякат эмес, тобокелдик жана эрдик экендигин баса белгилеп, белектер менен сыйлады.

Мындан эки ай мурун, тагыраагы 25-август күнү кыргыз учкучу Союзбек Салиев “Манас” аэропортунан бир кыймылдыткычтуу учак менен жер шарын айлануу максатында учуп кеткен болчу. Союзбек Салиев 27-октябрь күнү ийгиликтүү кыргыз жерине конгон.

Көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып келген учкучту Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жана студенттери кубануу менен жакшы маанайда тосуп алышты. Мекенине кайткан учкуч 64 күндүк саякаттан алган таасирлери менен бөлүшүп, эсинде калган окуяларын студенттерге айтып берди. 6

“Эң чоң таасир, биз өзүбүздүн жерибизди сакташыбыз керек. Анткени биз кээ бир аралдарды көрдүк, адамдар пайда табабыз деп аралдардын экологиясын бузуп алышкан”.
Жер шарын кыдырып келүү Союзбек Салиевдин көптөн берки кыялы болчу. Кыргыз учкучуна 72 жаштагы Литвалык штурман учкуч Йонас Жукнус шерик болгон. Алар бир кыймылдаткыч учак менен 48 000 чакырымды учуп өткөн. Элүүдөй мамлекеттердин үстүнөн өтүп, 16 өлкөнүн аэропортуна конуп, эс алып, жеңил азыктар менен тамактанышкан. Маршрут Атлантика, Индия жана Тынч океандарын камтыган. Союзбек салиев кыргыз желегин көтөрүп алып жасаган саякатын “Көчмөн кыргыз” деп атаган.

117 3Салиев өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп, Кыргызстандан артык өлкө жок экендигин айтты.
«Чындап эле, дүйнө жүзүн кыдырып, дүйнөгө көз карашың өзгөрөт экен. Биз дагы көп өнүгүүбүз керек, үйрөнүүбүз керек жана өсүүбүз керек. Саякат эки ай жана эки күнгө созулду. Мен саякат учурунда кыргызстандыктардын кабатыр болуп, колдоп тургандыгын сезип турдум. Бул бизге алга карай жылууга күч кубат болду. Биз өткөн өлкөлөрүбүздө желегибизди сыймыктануу менен көтөрүп жүрдүк”, — дейт Салиев.
64 күндүк сапарында ал кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун айтып, Кыргызстан жерлердин эң кооз экендигине дагы бир жолу ынангандыгын баса белгиледи. Эң оору Тынч океандан учуп өтүү болгондугун айтты.

 

«Ар дайым учакка отурган адам аны эмне күтүп турганын билбейт. Биз бардык кыйынчылыктарды басып өтүп, жергебизге аман-эсен келдик. Эгер бир адам силерге Тынч океанды багындырганын айтса – ага ишенбегиле, анткени ал, өтө чоң жана түгөнгүс. Океан өзүн багынтканга жол бербейт” деди.

Дүйнө жүзүн кыдырып келген кыргыз жараны учкучтарды бардык жерде жакшы тосуп алганын айтты. Ал эми Суданда болсо аэропортко атайын келип, аны менен төрт күн бирге жүргөн кыргызстандыкты жолуктурган.

17 14«Алымбек аттуу жаш жигит бизди тосуп алды жана биз менен төрт күн чогу жүрдү. Көрсө ал БУУда иштейт экен. Биз ага абдан ыраазы болдук. Башка өлкөлөрдө кыргызстандыктарды жолуктурбадык”, — дейт Салиев.

Алардын сапарындагы эң чоң тоскоол Филиппиндеги 4,5 баллдуу тайфун болгондугун белгилеп өттү. Табият кырсыгы саякатчылар турган ангардын жарым темир чатырын учуруп кеткен. Чатырдын сыныктары учактан 40 сантиметр ары түшкөн.

“Кыйын жери бизге Филиппин болду. Анткени биз тайфундан качып жүрдүк. Бирок барибир бизге кууп жетти. Ошондуктан бизге аябай кыйын болду. Анткени учакты учуруп, кулатып салса биз ошол жерде калып калышыбыз мүмкүн эле. Бизди Кудайым өзү сактады. Ангардын чатырын учуруп, андагы бир темир биздин учактан 40сантиметр дей ары түшүптүр”.
Белгилей кетсек, күнү-түнү уланган мындай саякатты дүйнө жүзүндө 209 адам аткарган. Биздин Союзбек агабыз 210-адам катарында тарыхта калмакчы. Учуу аябай оор болгондуктан, чынында бул эрдик болуп саналат.

Жолугушуунун аягында Салиев анын шериги экөө учуп кеткенде алар кайра атртка кайрылып келерин билишкен эмес экендигин айтты.

«Бирок биз аткара алдык!» – дейт дүйнөнү айланып келген биринчи Кыргызстандын жараны.

Даярдаган: Тынчтык Акматов (КИУ 5-курс)

Добавить комментарий