«Ааламдардын асыл таажысы»-аттуу 1-2 курс арасы жарыш

28-февраль КИУнун Студенттик кеңеши тарабынан «Ааламдардын асыл таажысы»-аттуу, Пайгамбарыбыздын(С.А.В) өмүр таржымалы боюнча 1-2-курстар арасында жарыш болуп өттү.
Дилгир студенттер төмнкү категориялар боюнча мелдешти:
1. Саламдашуу
2. Нашид
3. Суроо-жооп
4. Сценка
5. Видеоролик

Жалпы 8 команда катышып, байгелүү орундарга төмөнкү тайпалар ээ болду:
1-орун Шк-1а «Курманжан» командасы
2-орун Шк-1б «Айчүрөк» командасы
3-орун Аф-118-2 «Хадижа» командасы
Мында жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга ыраазычылык баракчалары жана баалуу белектер ыйгарылды.
Албетте, баарыбыз — Ааламга мээрим катары жиберилген жана бардык адамзатка өрнөктүү болгон Пайгамбарыбыздын (С.А.В) өмүр баянын окуп, өрнөк алышыбыз керек.