«Жан дүйнө азыгы» долбоорунун коногу Садыбакас Доолов

8-февраль Кыргызстан Ислам университети «Жаш Демилге» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жан дүйнө азыгы» долбоорунун алкагында уюштурган семинар болуп өттү.

Семинардын спикери КМДБнын аппарат башчысы, дин аалымы устаз Садыбакас Доолов «Ислам жана аялзат» деген темада семинар өттү.

Семинарда кызыктуу суроолор жана жан дүйнөнү азыктандыра турган пайдалуу кеңештер айтылды. Семинардын аягында Садыбакас устазга университетибиз тарабынан ыраазычылык баракча жана белектер тапшырылды. Семинарга катышкан эжелерибиз, апаларыбыз да ыраазычылыгын билдиришти.

Жалпы катышкан апаларга, эжелерге жана Садыбакас устазга терең ыраазычылык билдиребиз!