Абдыжапар Ислам институтунун ректору окуу жайыбызды зыярат кылды

Бүгүн, 12-май ишемби күнү окуу жайыбызды Абдыжапар Ислам институтунун ректору Орунбаев Нурбек агай зыярат кылды.

Окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү, Абдыжапар Ислам институтунун ректору Орунбаев Нурбек агай Кыргызстан Ислам Университетинин окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдиваси агай менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Абдыжапар Ислам институтунун окуу процестерин жакшыртуу максатында иш жүргүзүү тууралуу кеңешишти. Ошондой эле 2018-2019-окуу жылында аталган институтка Кыргызстан Ислам Университетинин тажырыйбалуу мугалимдерин жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүн тартып, тажырыйба алмашуу тууралуу талкуулашты. Кыргызстан Ислам Университетинин окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдиваси агай Абдыжапар Ислам институтунун ректоруна окуу иштери боюнча тажырыйба, кеп-кеңештерин айтып, иштерине ийгилик каалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *