КИУнун проректору Тунис Республикасынын борборунда өткөн дүйнөлүк семинарга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан Ислам университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Марс Ибраев “Жамия дувал арабия” аттуу араб лигасы уюштурган “Адам укугу” аттуу семинарга катышты.
 
Семинардын жүрүшүндө араб дүйнөсүндөгү атактуу профессор, окумуштуулар, аалымдар тарабынан ар кандай бүгүнкү күндөгү адам зат көйгөйү болуп жаткан адам укугу тууралуу талкуу болду. 23-апрелден 2-май аралыгында Тунис Республикасынын борборунда араб тилинде өткөрүлгөн 10 күндүк семинарга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 60 өкүл, ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн КИУнун проректору Ибраев Марс агай катышты жана темага байланыштуу доклад окуду.
 
“Бул сыяктуу иш чаралар жалпы адам зат, мусулман дүйнөсүндөгү жакындык, бир туугандык сезимин ойготуп, радикал экстремизм, тероризм сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда, адам укуктарын сактоодо, билим берүү тармагында кызматташууга өбөлгө түзөт жана пайдалуу жемишин берет деп ишенемин” – деди Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана КИУнун проректору Марс Ибраев.
Иш сапары алкагында Ислам тарыхындагы эң алгачкы диний окуу жай болгон “Аз-Зайтуния” университетин зыярат кылып, жетекчилиги менен жолугушту жана билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу пикир алышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *