Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов 14-февраль күнү иш сапары менен Түштүк Кореяга учуп кетти.

Кореядагы мекендештерибиз Устазды Кыргыз элибиздин каада салтына ылайык жылуу маанайда тосуп алышты. Иш сапардын алкагында КИУнун ректору жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов 16-февраль күнү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында, ал эми 17-фераль күнү Сеул шаарынан 400 км алыстыкта жайгашкан Пусан жана Кимхэ шаарларында мекендештерибиз менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда мекендештерибиз менен пикир алышып, баарлашып ыйман, адеп-ахлак, ынтымак, мекенди сүйүү ж.б көптөгөн пайдалуу акыл-насаат, баяндарын айтты. КИУнун ректору жана Аалымдар кеңешинин төрагасы мындан башка бир топ шаарларда мекендештерибиз менен жолугушат жана Устазыбыздын Түштүк Кореяга болгон иш сапары 19-февраль күнү аяктайт. Жолугушууну уюштурган бардык инсандардан Алла Таала ыраазы болсун жана эки дүйнөнүн жакшылыгын ыроолосун!

Добавить комментарий