Кыргызстан Ислам Университети
November 10, 2026


# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫНДА БИЛИМ АЛУУДА Кыргызстан Ислам университети менен Ислам академиясынын ортосундагы академиялык кызматташтыктын алкагында университеттин төрт студенти академиялык мобилдүүлүк программасына катышып, Ислам академиясында билим алууда. Бул демилге жогорку окуу жайлардын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана студенттердин академиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган. **Академиялык мобилдүүлүк программасына төмөнкү студенттер катышууда:** **Теология кафедрасынын 2-курсунун студенттери:** 1. Нурлан кызы Нурсулуу — Тл 25-2 тайпасы; 2. Медетбекова Бегимай Медетбековна — Тл 25-3 тайпасы. **Араб тили филологиясы кафедрасынын 2-курсунун студенттери:** 1. Керимбаева Мээрим — Аф 25-2 тайпасы; 2. Жүзбаева Санабархан — Аф 25-3 тайпасы. Программанын алкагында студенттер Ислам академиясынын билим берүү чөйрөсү менен таанышып, теориялык билимдерин тереңдетүүгө, кесиптик жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле жаңы академиялык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышууда. Академиялык мобилдүүлүк студенттердин билим сапатын жогорулатуу менен катар алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, өз алдынча билим алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана башка билим берүү мекемесинин академиялык тажрыйбасын өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай кызматташтык студенттердин кесиптик жактан калыптанышына, академиялык жана маданий байланыштардын чыңдалышына, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ортосундагы өз ара тажрыйба алмашуунун өнүгүшүнө шарт түзөт. **Кыргызстан Ислам университети** студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана өнөктөш окуу жайлар менен кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Университет мындан ары да студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө жана сапаттуу билим алуусуна багытталган демилгелерди колдоону улантат.