Кыргызстан Ислам Университети
November 10, 2026


# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ «КЕЛЕЧЕКТИН МИНБАРЫ» ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСУНДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ 2026-жылдын 10-ноябрында Россия Федерациясынын Уфа шаарында өткөн **«Келечектин минбары»** аттуу эл аралык конкурста Кыргызстан Ислам университетинин Теология кафедрасынын 3-курсунун студенти **Шабазов Сабит (Тл-24-1 тайпасы)** финалдык этапта I орунду ээлеп, университеттин жана Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде татыктуу коргоду. Аталган эл аралык конкурска Россия Федерациясынан, Кыргызстандан жана Тажикстандан 18 жаштан 25 жашка чейинки студенттер катышып, диний билимдерин, чечендик чеберчилигин жана кесиптик даярдыгын сынашты. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар хутба айтуу, диний темада эл алдында сөз сүйлөө жана имамдык ишмердүүлүккө байланышкан практикалык тапшырмаларды аткарышты. Сынак жаштардын диний билим деңгээлин, ойду так жана таасирдүү жеткирүү жөндөмүн, ошондой эле келечектеги диний кызматка болгон кесиптик даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Кыргызстан Ислам университетинин студенти Сабит Шабазов өзүнүн терең билимин, чечендик жөндөмүн жана практикалык даярдыгын көрсөтүп, конкурстун жыйынтыгында **I орунга татыктуу болду.** Студентти эл аралык конкурска Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу **Кенжебаев Мирлан устаз** даярдап, жетектеп барды. Бул жетишкендик студенттин үзүрлүү эмгегинин жана окутуучунун кесиптик жетекчилигинин натыйжасы болуп саналат. «Келечектин минбары» эл аралык конкурсу жаштардын диний билимдерин тереңдетүүгө, хутба айтуу маданиятын өркүндөтүүгө, болочок диний кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана мамлекеттер аралык билим берүү байланыштарын чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болду. **Сабит Шабазовдун эл аралык деңгээлдеги жеңиши — Кыргызстан Ислам университетинин студенттеринин билим сапатын, кесиптик даярдыгын жана интеллектуалдык потенциалын айгинелеген маанилүү жетишкендик.** Кыргызстан Ислам университетинин жамааты Сабит Шабазовду жана анын устаты Мирлан Кенжебаевди бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий-билим берүү жана кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт. **Аллах Таала алган илимине береке берип, элибизге жана динибизге ак кызмат кылган билимдүү, адептүү жана жоопкерчиликтүү инсан болуусун насип кылсын!**