Кыргызстан Ислам Университети
October 22, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ АБДИШҮКҮР НАРМАТОВ АКШДА ӨТКӨН G20 ДИНДЕР АРАЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШТЫ 2026-жылдын 15–17-октябрында Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарында өткөн G20 Диндер аралык форумуна (IF20) Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов чакыруу боюнча катышты. «Туруктуу үмүт, жалпы келечек» (Resilient Hope, Shared Future) аталышындагы эл аралык форум диндер аралык диалогду өнүктүрүү, дүйнөлүк деңгээлдеги актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулду. Аталган иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев да катышты. Форумдун алкагында ар түрдүү диний жана коомдук чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда пикир алмашууга, диндер аралык кызматташтыкты чыңдоого жана глобалдык чакырыктарды чечүүдө диний уюмдардын ролун талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстан Ислам университетинин ректорунун мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чарага катышуусу университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, диний билим берүү жана илимий кызматташтык жаатында тажрыйба алмашууга, ошондой эле коомдо тынчтыкты, толеранттуулукту жана өз ара урматтоону жайылтууга өбөлгө түзөт. Кыргызстан Ислам университети эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, диндер аралык диалогду колдоого жана руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган демилгелерге өзгөчө маани берет.