Кыргызстан Ислам Университети
October 28, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ИСЛАМ КАРЖЫЛООСУ» ТЕМАСЫНДА ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан Кыргызстан Ислам университетинин студенттери үчүн «Ислам каржылоосу» темасында маалыматтык-агартуу лекциясы уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, ислам каржылоосунун негизги принциптери менен тааныштыруу жана жеке каражаттарды натыйжалуу башкаруу маданиятын калыптандыруу. Лекцияны «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын Шариат бөлүмүнүн башкы адиси Абдурашид Жораев өткөрдү. Ал ислам каржылоосунун шариаттык негиздери, ислам банк ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү жана анын салттуу банк тутумунан айырмачылыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө каражатка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, жеке бюджетти туура пландаштыруу, акчаны сарамжалдуу пайдалануу жана аманат топтоо маданиятын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындай агартуу иш-чаралары студенттердин теориялык билимдерин практикалык түшүнүктөр менен толуктоого, каржылык чечимдерди аң-сезимдүү кабыл алууга жана ислам экономикасы боюнча билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстан Ислам университети студенттердин кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө багытталган билим берүү демилгелерин колдоп, каржы мекемелери менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани берет. Өз кезегинде «ЭкоИсламикБанк» ЖАК калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана каражат топтоо маданиятын калыптандырууга багытталган демилгелерди колдоону улантарын белгиледи.