Кыргызстан Ислам Университети
October 30, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОЦЕНТИ «КООПСУЗ ҮЙ-БҮЛӨ – КООПСУЗ ӨЛКӨ» ФОРУМУНА КАТЫШТЫ Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, үй-бүлөдөгү коопсуздукту камсыздоо жана коомдогу социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу максатында «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» аталышындагы форум уюштурулду. Аталган иш-чарага Кыргызстан Ислам университетинин доценти, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев катышып, ислам дининдеги үй-бүлөнүн орду жана мааниси, бактылуу үй-бүлө куруунун руханий-адептик негиздери, ата-эненин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги тууралуу баяндама жасады. Өз сөзүндө ал жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, билим алууга жана улууларды урматтоого тарбиялоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, бекем үй-бүлө коомдун туруктуулугунун жана коопсуздугунун негизги шарттарынын бири экенин белгиледи. Форумдун жыйынтыгында коомдук маанилүү демилгелерге кошкон салымы жана жигердүү кызматташтыгы үчүн Марс Ибраевге Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды. Кыргызстан Ислам университети коомдо руханий-адептик баалуулуктарды жайылтууга, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана жаштарга туура тарбия берүүгө багытталган коомдук иш-чараларга активдүү катышууга өзгөчө маани берет.