Кыргызстан Ислам Университети
October 13, 2026

# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА ЧАКЫРАТ! **2026-жылдын 29-октябрында Кыргызстан Ислам университетинде «Заманбап доордогу таалим-тарбия, билим жана маданият» багытында студенттер аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.** Конференциянын негизги максаты — студенттердин илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, өз ара тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана заманбап коомдогу билим берүүнүн, тарбиянын жана маданияттын актуалдуу маселелерин талкуулоо. Илимий иш-чаранын алкагында катышуучулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн, көз караштарын жана сунуштарын ортого салып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышат. Конференция жаш изилдөөчүлөрдүн илимий дараметин өнүктүрүүгө, студенттердин илимий активдүүлүгүн жогорулатууга жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. **Конференция тууралуу маалымат:** - **Өткөрүлүүчү күнү:** 2026-жылдын 29-октябры - **Өткөрүлүүчү жери:** Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 57, Кыргызстан Ислам университети - **Негизги багыты:** «Заманбап доордогу таалим-тарбия, билим жана маданият» - **Байланыш телефону:** 0701 900 732 **Кыргызстан Ислам университети илимге кызыккан бардык студенттерди жана жаш изилдөөчүлөрдү конференцияга катышууга чакырат!** Бул илимий аянтча жаңы идеяларды талкуулоого, пайдалуу билим алууга, тажрыйба бөлүшүүгө жана илимий байланыштарды кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. **Урматтуу студенттер жана жаш изилдөөчүлөр, сиздерди конференцияда күтөбүз!**