Кыргызстан Ислам Университети
September 24, 2026


КИУнун ректору Абдишүкүр Нарматовго «Баткен облусунун ардактуу атуулу» наамы жана «Берешен» медалы ыйгарылды Бүгүн, 24-сентябрда, Баткен облусунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Диним – Ислам, өлкөм – Кыргызстан» аталышындагы көчмө жыйын болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан Ислам университетинин ректору, профессор, Баткен облусунун атуулу Абдишүкүр Исламович Нарматов элдин ынтымагын жана достугун бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы, коом алдындагы атуулдук милдеттерин татыктуу аткаргандыгы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Баткен облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Ардактуу наамды Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Тойчиевич Рахимов тапшырды. Ошондой эле Абдишүкүр Нарматовдун диний агартуу, кайрымдуулук жана коомдук иштердеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан «Берешен» медалы менен сыйланды. Абдишүкүр Нарматовдун элине, жерине жана өлкөсүнө кылган кызматы зор. Ал Баткен облусунун атуулу катары туулуп-өскөн жеринин социалдык жана руханий өнүгүүсүнө ар дайым өзгөчө көңүл буруп келет. Айрыкча Баткен коогалаңы учурунда жергиликтүү элге көрсөткөн руханий жана материалдык колдоосу, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү демилгелери анын мекенчилдик жана атуулдук позициясынын айкын көрүнүшү болду. Мындан тышкары, анын демилгеси жана колдоосу менен Баткен облусунун аймагында бир катар мечиттердин жана медреселердин курулушуна, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоого багытталган фельдшердик-акушердик пункттарды (ФАП) ачууга салым кошулган. Бул сыйлыктар — Абдишүкүр Нарматовдун көп жылдардан бери дин, билим берүү, кайрымдуулук жана коомдук ынтымак багытында жүргүзүп келе жаткан эмгегине берилген жогорку баа. Кыргызстан Ислам университетинин жамааты урматтуу ректорубуз Абдишүкүр Исламович Нарматовду «Баткен облусунун ардактуу атуулу» наамы жана «Берешен» медалы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Урматтуу устазыбызга чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана элибиздин руханий өнүгүүсү, ынтымагы жана келечеги үчүн жасап жаткан иштерине мындан аркы чоң ийгиликтерди каалайбыз. Сыйлыгыңыз кут болсун, урматтуу Абдишүкүр Исламович! Элиңизге кылган кызматыңыз арта берсин!