Кыргызстан Ислам Университети
September 16, 2026


ИУКта коррупцияга каршы маданиятты жана академиялык чынчылдыкты калыптандырууга багытталган лекция өттү Кыргызстан Ислам университетинде студенттердин арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, академиялык чынчылдыкты бекемдөө жана руханий-адептик баалуулуктарды жайылтуу максатында «Исламдагы адилеттүүлүк жана аманат принциптери: коррупцияга каршы маданиятты жана академиялык чынчылдыкты калыптандыруу» аттуу маалыматтык-түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү. Лекцияны Кыргызстан Ислам университетинин ректору, профессор А.И. Нарматов өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын коомго жана билим берүү системасына тийгизген терс таасири, анын алдын алууда ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги, академиялык чынчылдыкты сактоо, билим берүү процессиндеги адилеттүүлүк жана этикалык нормаларды кармануу маселелери кеңири талкууланды. Ректор өз сөзүндө ислам дининде адилеттүүлүк, чынчылдык, аманатка бекем болуу, адал эмгек жана жоопкерчилик адамдын жүрүм-турумун аныктаган маанилүү руханий-адептик баалуулуктар экендигине токтолду. Коррупцияга каршы күрөш мыйзамдык талаптарды сактоо менен гана чектелбестен, ар бир адамдын ички маданиятына, абийирине жана коом алдындагы жоопкерчилигине да байланыштуу экени белгиленди. Студенттерге окуу процессинде академиялык чынчылдыкты сактоо, билимди баалоодо адилеттүүлүк принциптерин урматтоо, мыйзамсыз төлөмдөргө жана коррупциялык мүнөздөгү башка көрүнүштөргө жол бербөө, өз укуктарын жана милдеттерин билүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле жаштардын арасында коррупцияга карата туруктуу терс мамилени калыптандыруунун, укуктук жана диний сабаттуулукту жогорулатуунун, коомдук кызыкчылыкты жана адилеттүүлүк принциптерин сактоонун маанилүүлүгү белгиленди. Иш-чара студенттер менен ачык пикир алышуу жана суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча пикирлерин билдиришти. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасынын максаттарына ылайык жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-агартуу иштеринин алкагында өткөрүлдү. Аталган программа коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана коррупцияга каршы стандарттарды жайылтууга багытталган. Кыргызстан Ислам университети мындан ары да студенттердин арасында академиялык чынчылдыкты, адилеттүүлүктү, аманатка бекемдикти, адал эмгекти жана жоопкерчиликти жайылтууга багытталган маалыматтык жана тарбиялык иш-чараларды улантат.