Кыргызстан Ислам Университети
September 04, 2026


## Изилдөө көндүмдөрүн калыптандырууда жасалма интеллектти колдонуу боюнча семинар өттү 2026-жылдын **3–4-сентябрында Кыргызстан Ислам университетинде** магистранттар, аспиранттар жана докторанттар үчүн **«Изилдөө көндүмдөрүн калыптандырууда жасалма интеллектти колдонуу»** темасында семинар өткөрүлдү. Семинарды Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу **Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун методисти Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна** өткөрдү. Семинардын негизги максаты — жаш изилдөөчүлөрдүн изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле заманбап санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн илимий-изилдөө иштеринде натыйжалуу, максаттуу жана жоопкерчиликтүү колдонуу боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болду. Семинардын жүрүшүндө жасалма интеллектти илимий маалыматтарды издөө жана талдоо, изилдөө темасын аныктоо жана тактоо, илимий иштин түзүмүн иштеп чыгуу, маалыматтарды системалаштыруу, текст менен иштөө жана академиялык жазуу процессинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле жасалма интеллектти пайдаланууда **академиялык чынчылдыкты сактоо, маалымат булактарынын ишенимдүүлүгүн текшерүү, туура шилтеме берүү жана изилдөөчүнүн жеке жоопкерчилиги** сыяктуу маанилүү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Практикалык бөлүктө катышуучулар жасалма интеллект инструменттерин изилдөө жана илимий иштин ар кандай этаптарында колдонуу жолдору менен таанышып, тиешелүү практикалык тапшырмаларды аткарышты жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Семинар катышуучулардын активдүү талкуусу, суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өттү. Мындай семинарларды өткөрүү магистранттардын, аспиранттардын жана докторанттардын **изилдөө маданиятын жана санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана сапаттуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө** өбөлгө түзөт.