Кыргызстан Ислам Университети
May 21, 2026
2026-жылдын 20–21-май күндөрү Кыргызстан Ислам университетинин 531600 «Теология» багыты ААОПО агенттиги тарабынан тышкы аккредитациялоо процедурасынан ийгиликтүү өттү. Аккредитациялоо иш-чарасынын алкагында эксперттик комиссия билим берүү программасынын сапатына, окуу-усулдук камсыздоого, профессордук-окутуучулук курамдын потенциалына, илимий ишмердүүлүккө, материалдык-техникалык базага жана билим берүүнүн ички сапат системасына комплекстүү баа берди. Эксперттер университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу аудиторияларын, китепкананы, электрондук билим берүү ресурстарын көрүп чыгышты. Ошондой эле университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлдү. Өзгөчө көңүл «Теология» билим берүү программасынын мазмунуна, анын заманбап жогорку билим берүү талаптарына шайкештигине, салттуу ислам билимдерин заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштырууга, ошондой эле руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга, кесиптик компетенцияларга жана жарандык жоопкерчиликке ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого бурулду. Аккредитациялоо процедурасы 531600 «Теология» багытынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп, Кыргызстан Ислам университетинин билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө, илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана университеттин академиялык аброюн бекемдөөгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады. Университеттин администрациясы ААОПО агенттигинин эксперттерине, профессордук-окутуучулук курамга, кызматкерлерге, студенттерге жана аккредитациялоону даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкан бардык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.