Кыргызстан Ислам Университети
December 04, 2025


Кыргызстан Ислам университетинде улуу мурас болгон «Манас» эпосунун күнүнө карата кыздар арасында «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу, кыргыз элинин тарыхый мурасын даңазалоо, ошондой эле студент кыздардын интеллектуалдык деңгээлин, ой жүгүртүүсүн жана командалык ынтымагын өнүктүрүү болду. Интеллектуалдык оюнга университеттин ар түрдүү факультеттеринен келген студент кыздар активдүү катышып, «Манас» эпосу боюнча билимдерин, тапкычтыгын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Оюндун жүрүшүндө катышуучуларга эпостогу каармандар, тарыхый окуялар, улуттук каада-салттар жана Манас таануу багытындагы кызыктуу суроолор берилди. Иш-чара өзгөчө жылуу маанайда өтүп, катышуучулар арасында достук, ынтымак жана биримдик духу байкалды. Студенттер улуттук мурасты сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү ар бир жарандын ыйык милдети экендигин белгилешти. Мындай маданий-интеллектуалдык иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, мекенчилдик сезимин бекемдеп, кыргыз элинин улуу дөөлөттөрүнө болгон урмат-сыйын арттырууга чоң салым кошот. Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, атайын сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.