Кыргызстан Ислам Университети
October 12, 2025


Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (КР ЖАМК) менен Кыргызстан Ислам университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу мындан ары да ийгиликтүү улантылууда. Бул кызматташтыктын алкагында жаштарды руханий жактан колдоо, патриоттук тарбия берүү жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу максатында ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келет. Кезектеги иш-чара КИУнун Тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору Ниязов Бакытбек устаздын аскердик кызматын өтөөгө жаңы келген жоокерлер үчүн өткөргөн “Мекенди сүйүү — ыймандан” аттуу мазмундуу лекциясы менен башталды. Лекциянын жүрүшүндө Бакытбек устаз мекенге кызмат кылуунун ыйык милдет экенин баса белгилеп, жоокерлерди Ата Мекенди чын жүрөктөн сүйүүгө, эл-жерге берилгендик менен кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле ал ыймандуулук, адеп-ахлак, жоопкерчилик, тартип жана сабырдуулук сыяктуу асыл сапаттар ар бир жоокер үчүн эң маанилүү касиеттер экенин айтып өттү. Мындан тышкары, жаш жоокерлерге коомдо туура жүрүм-турумду сактоо, бири-бирине урмат-сый көрсөтүү, ынтымакта болуу жана улуттук баалуулуктарды аздектөө боюнча пайдалуу насааттар берилди. Лекция суроо-жооп форматында улантылып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, патриоттук сезимин күчөтүүгө, ошондой эле мекен алдындагы жоопкерчилигин терең түшүнүүгө чоң өбөлгө түзөт. ✨ Иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз! 🇰🇬 Өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин биримдиги жана жаштарыбыздын келечеги бекем болсун!