Кыргызстан Ислам Университети
May 08, 2026


Ырыскулов Бактыбек Кыргызстан Ислам университетине келип, студенттерге «Кибер коопсуздук» темасында мазмундуу лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө студенттерге санариптик мейкиндиктеги заманбап коркунучтар, жеке маалыматтарды коргоо жолдору, социалдык тармактарды коопсуз пайдалануу жана кибергигиенанын эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле интернет алдамчылыгынын алдын алуу, аккаунттарды коргоо жана маалыматтык чөйрөдө жоопкерчиликтүү жүрүм-турум маселелери талкууланды. Студенттер темага чоң кызыгуу менен катышып, активдүү суроолорду берип, өздөрүнүн санариптик коопсуздугун камсыздоо боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.