Кыргызстан Ислам Университети
May 08, 2026


КИУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» УҢГУ ЖОЛУ ЖАРЛЫГЫНА АРНАЛГАН «ГЛОБАЛДАШУУ ДООРУНДА УЛУТТУК ЖАНА РУХАНИЙ БААЛУУЛУКТАРДЫ САКТОО» АТТУУ СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРДУ. Конференцияга коноктор жана Жогорку окуу жайлардан студенттер катышып, доклад окушту. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректору устаз Матраимов Абдуваси Нусурович ачып берди. Жана ошондой эле Токонова Алина Асангазиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Экспертиза жана диний уюмдар менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси сөз сүйлөп катышуучуларга ийгилик каалады. Конференцияда комиссия катары Мендибаев Муратбек, Ташматов Султан, Лутфилла уулу Салих, Тазабек уулу Эрназар дайындалды. Иш-чаранын алкагында наристени бешикке бөлөө салтын көрсөттү. Доклад окуучуларга сертификат жана 1-даража, 2-даража, 3-даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.