Кыргызстан Ислам Университетинин логотиби

Кыргызстан Ислам Университети

Араб филология кафедрасы

2018-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан диний жогорку билим берүүгө укук берген №0382-РУЗ күбөлүгү алынган. Ошондой эле, 2018-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №388/1 буйругунун негизинде билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн № LD180000156 лицензиясы (шифр: 531000 – Филология (Араб филологиясы)) берилген. Аталган лицензиянын негизинде 531000 – Филология (Араб филологиясы) билим берүү программасын ишке ашыруу максатында Араб филологиясы кафедрасы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык студенттерди окутуу иши башталган. Натыйжада, 2018–2019-окуу жылында 1-курска 50 студент кабыл алынып, кафедра Гуманитардык билимдер факультетинин алдында билим берүү процессин жүргүзө баштаган. Учурда 531000 – Араб филологиясы билим берүү программасы боюнча жалпы 190 студент билим алууда.

Араб филологиясы кафедрасынын миссиясы – араб тилин, адабиятын жана маданиятын терең билген, заманбап филологиялык билимге ээ, көп тилдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, ошондой эле тил аралык жана маданият аралык байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат.

Кафедранын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • 531000 – Филология (Араб филологиясы) билим берүү программасынын алкагында жогорку квалификациялуу филолог адистерин даярдоо;
  • араб тилин окутуунун заманбап методдорун колдонуу аркылуу студенттердин тилдик жана коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу;
  • араб адабиятынын, лингвистикасынын жана маданиятынын теориялык негиздерин өздөштүрүү;
  • студенттердин котормо, текст талдоо жана илимий-изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
  • улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактаган, маданият аралык диалогго жөндөмдүү адистерди тарбиялоо;
  • билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана илимий-изилдөө иштерин активдештирүү.

Араб филологиясы кафедрасынын негизги ишмердүүлүгү төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • 531000 – Филология (Араб филологиясы) билим берүү программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу процессин уюштуруу жана жүргүзүү;
  • араб тили, араб адабияты, тил илими жана гуманитардык сабактар боюнча лекциялык, семинардык жана практикалык сабактарды өткөрүү;
  • окуу пландарын, окуу-усулдук комплекстерди, силлабустарды жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана жаңылоо;
  • студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, курстук жана бүтүрүү квалификациялык иштерине жетекчилик кылуу;
  • профессордук-окутуучулук курамдын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, илимий макалаларды жана окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо;
  • илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу;
  • тилдик жана маданий агартуу иш-чараларын өткөрүү;
  • мамлекеттик, билим берүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • студенттердин тарбиялык иштерин жүргүзүү жана практикалык даярдыгын камсыз кылуу;
  • бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна ийгиликтүү адаптацияланышына көмөктөшүү.

Учурда Араб филологиясы кафедрасын 2021–2022-окуу жылынын экинчи жарымынан тартып кафедра башчысынын милдетин аткаруучу Азамат Шамшиев жетектеп келет.

531000 – Филология (Араб филологиясы) билим берүү программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчү филолог (бакалавр) квалификациясына ээ болот.

Араб филологиясы адистигинин бүтүрүүчүлөрү төмөнкү мекемелерде жана уюмдарда эмгектене алышат:

  • жалпы билим берүү мектептеринде, колледждерде жана жогорку окуу жайларда окутуучу катары;
  • тил курстарында жана билим берүү борборлорунда;
  • котормо бюролорунда жана эл аралык уюмдарда котормочу катары;
  • мамлекеттик мекемелерде жана дипломатиялык кызматтарда адис катары;
  • массалык маалымат каражаттарында жана басма үйлөрүндө;
  • илимий-изилдөө мекемелеринде;
  • маданий жана агартуу уюмдарында.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • араб тили жана анын диалекттери;
  • араб адабияты жана тексттер;
  • тил жана маданияттын өз ара байланышы;
  • котормо ишмердүүлүгү жана тил аралык коммуникация.

Кафедранын окутуучулары

Азамат Шамшиев

Азамат Шамшиев

Филология кафедрасынын башчысы