"Кыргыз тили оңолобу же жоголобу?" / Дебат

Admin
16 ноября 2023 г. 7:06

Окуу жайыбызда 16-ноябрь күнү мамлекеттик тил комиссиясынын 3 айлык жобосунун негизинде филология кафедрасынын 2- курсунун студенттеринин катышуусу менен кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү проблемалар камтылган " Кыргыз тили оңолобу же жоголобу?" деген темада дебат болуп өттү. Дебаттын жүрүшүндө көптөгөн аргументтер менен фактыларга таянып, кыргыз тилинин өнүгүү этабын бала бакчадан же мектептен баштоо керектиги жөнүндө кызуу талкуу болуп, аягында оппозиция м-н өкмөт тарап биргеликте иш алып барганда гана өнүгө тургандыгы менен жыйынтыкталды. Дебаттын соңунда филология кафедрасынын башчысы А.Шамшиев дебаттын катышуучуларына каалоо- тилектерин айтуу менен бирге көптөгөн тилди үйрөнүүгө жана өз эне тилин унутпоого, о.э. кылымдардан бери сакталып келе жаткан эне тилибизди кийинки муунга өткөрүп берүү ыйык милдетибиз экенин айтып, патриоттуулукка чакыра кетти.