"Кыргыз тили жана Айтматов ааламы"

Admin
2 ноября 2023 г. 7:05

Мамлекеттик тил комиссиясынын "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы"- аттуу 3 айлык жобосунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында окуу жайыбыздын студенттерин адабиятыбыздын алпы, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан чыгаан инсаныбыздын басып өткөн чыгармачылык жолу менен жакындан тааныштыруу максатында Ч.Айтматовдун резиденциядагы үй-музейине экскурсияга чыгып келдик. Студенттерибиз көптөгөн маалыматтарды алышып, жазуучунун заманындагы буюм- тайымдарга күбө болушуп, сүйүнүчтөрү ичтерине батпай кайтышты. Бул экскурсиядан студенттерибиз өздөрүнүн патриоттук сезимдери ойгонуп, китеп окууга болгон каалоолору күчөп, өздөрүнө жана жан дүйнөсүнө аябагандай чоң пайда алышты.