17-ноябрь "Эл аралык студенттер күнү"... 15-16-ноябрь күндөрү 17-ноябрь "Эл аралык студенттер күнүнө" карата окуу жайыбызда иш-чара болуп өттү. Иш-чараны КИУнун окуу иштер боюнча проректору Матримов Абдиваси устаз ачып берип, студенттерди куттуктады. Иш-чаранын алкагында окуу жайыбызга жаңыдан кадам таштап келген 1-курстун студенттерине сынак китепчелери, студенттик билеттер берилди. Иш-чара чакан сценка, видео ролик, видео куттуктоолор менен коштолуп, мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурган КИУнун уюштуруу бөлүмүнө жана КИУ студенттик кеңешине ыраазычылык билдиребиз.