Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин 2018-жылдын 2-апрелиндеги №388/1 буйругунун Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин 2018-жылдын 2-апрелиндеги №1-4-2 чечиминин негизинде Кыргызстан Ислам Университетинин араб тили кафедрасы кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияга ээ болду. Мындан ары Кыргызстан Ислам Университетинин араб тили кафедрасы 4 жылдык бакалавр программасы боюнча жогорку кесиптик билим берүүгө укуктуу жана бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берет. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жалпы мугалимдерди, өзгөчө араб тили кафедрасынын башчысы Керимбеков Алтынбек агайды куттуктады жана лицензия алууда салым кошкон Исмаилов Абдышүкүр жана Матраимов Абдуваси агайларга терең ыраазычылыгын билдирди.