21-октябрь күнү Бишкек шаарында диний окуу жайлар жана мекемелер арасында экс-муфтий маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү. Бул ирет мелдешти Кыргызстан Ислам университети жана КИУ коомдук фонду өткөрдү. Жалпысынан мелдешке 23 окуу жай жана мекемелерден устаздар жана студенттерден командалар катышты. Эрте мененки 08:00дө башталган мелдеш кечки 20:00дө аяктап, жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында алдыңкы орундарды футболдон устаздар арасында - КИУ коомдук фонду; волейболдон устаздар арасында - Хазрети Осмон ислам институту; футболдон студенттер арасында - Абдулла бин Аббас Куран жаттоо медресеси; волейболдон студентер арасында - Кутайба бин Муслим ислам институту багындарды. Жалпы мелдешке катышкан катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.