28-сентябрь күнү РФнын Казан шаарында Ислам дисциплиналары жана араб тили боюнча эл аралык катышуу менен өткөн Бүткүл россиялык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Олимпиадага окуу жайыбыздан 3 студент катышып, аларды КИУнун окутуучусу Бекмуратов Баир устаз жетектеп барды. Олимпиада 3 номинация боюнча өтүп, "Ислам укугу" (ханафий мазхабы) номиянациясынан КИУнун 4-курсунун студенти Гуламидинов Абдулла 3-орунга ээ болду.