Бишкек шаарындагы ЖОЖ студенттери арасында “Берекелүү Рамазан” интеллектуалдык оюну болуп өттү

Admin
10 апреля 2022 г. 2:05

10-апрель күнү Бишкек шаарындагы ЖОЖ студенттери арасында ынтымакты, карым катнашты, алаканы бекемдөө жана жаштарды ыймандуулукка, билимдүүлүккө чакыруу максатында Кыргызстан Ислам университети, КИУ студенттик кеңеши жана “Прогресс” жаштар уюму менен биргеликте уюштурган “Берекелүү Рамазан” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Конкурс: Балдар жана кыздар арасында (20 бала, 20 кыз) өзүнчө өтүлүп, жалпы 2 тур болду. Кыздарга 1-тур: Белгилүү убакыт ичинде берилген темага баяндама жазуу. (Тема конкурс күнү берилет) 2-тур: 30 суроодон турган кагаз бетинде суроо-жооп. (Тест түрүндө) Балдарга 1-тур: Азан айтуу (кырааты менен) 2- тур: 30 суроодон турган кагаз бетинде суроо-жооп. (Тест түрүндө) Жыйынтыктоо учурунда жалпы катышуучуларга "Kahoot!" оюну ойнотулду жана жалпы жеңүүчүлөргө сыйлыктар, мактоо баракчалары берилди. Конкурсту өткөрүүдө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз.