SMM негиздери боюнча 2 күндүк тренинг

Admin
26 марта 2022 г. 2:01

Кыргызстан Ислам университетинин студенттери КР ДИМК, КМДБ тарабынан Медресе студентери үчүн уюштурулган SMM негиздери боюнча 2 күндүк тренингти ийгиликтүү аякташты. Бул эки күндүк тренингте студенттер профилди жасалгалоо, баракчаны бюджетсиз кантип алдыга жылдыруу боюнча жана тийиштүү тиркемелер, стористи сабаттуу жасоо боюнча билимдерге ээ болушту. Ал эми 2 күн бою билимге ээ болгондугун тастыктаган сертификаттарды тапшыруу аземи окутуунун аягында болду.