Доклад жазуу жарышы

Admin
24 марта 2022 г. 1:58

24-март Кыргызстан Ислам университетинин Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулган "Мен дүйнөнү адеп менен багынтам" деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш чаранын алкагында жалпы катышуучулар даярдап келген докладдарын окушту. Алардын докладдарына серепчи болуп, туура жолго багыттап, өз ойлорун айтып турган атайын конок катары чакырылган Ниязов Бакыт устаз студенттерге колдоо көрсөтүп, кеп-кеңештерин айтты. Жыйынтыгында доклад окуган студенттерге суроо берилип, тема талкууга алынды. Студенттик кеңеш тарабынан катышуучуларга ыраазычылык баракчасы ыйгарылды. Студенттик кеңеш устазга, катышкан кыздарга, доклад окугандарга терең ыраазычылык билдиришти.