Орозого даярдык

Admin
20 февраля 2022 г. 18:06

"... مدرسة رمضان (Рамазан медресе ) деген айлардын падышасы келе жатат. Көпчүлүк инсандар Рамазан айына даярдык дегенди, тамак-аш даярдоо деп түшүнөт. А бирок руханий даярдыгыныз барбы? ...Чыныгы орозо кармаган инсан орозодон тыйылуусу керек. Тилдин орозосу- ушак-айыңдан, гыйбаттан (башка адамдын артынан жаман сөз айтуудан) тыюуу Кулактын орозосу-арам нерселерди угуудан тыюуу Көздүн орозосу-арам нерселерден кароодон тыюуу ... Кээ бир инсандардын намазы "сезонный", кааласа окуйт, жумушу башталса тыштап коёт. Орозо кармап намазын тыштоо чоң күнөө. Азыркы убактан баштап намазыңыздарды туругузуп даярданыздар. ...табиъийн Суфияаани 1 күндө отуруп күнөөлөрүн эсептесе 21000 болгон экен. Ал табъийн, а бизчи? Ал ошентип келечегине кам көрдү. А бизчи? Инсандын келечеги же БЕЙИШ же ТОЗОК. ... 20-30 жылдык кунөөңүз 1 көз ирмемде кечирилет. Ошого ишенесизби? Кимдин колунан келет ? АЛЛАХТЫН. Мына ошондой убакыт келе жатат..." -деп 19-февраль "Орозого даярдык" деген темада устазыбыз Дарвешов Эрмат айымдар үчүн таалим сабак өтүп, өзүнүн баалуу кеңештерин айтып кетти. "Жан дүйнө азыгы" долбоору. Кыргызстан Ислам университети. Эскетүү! Ар бир Ишенби күндөрү устаздарды чакырып айымдар үчүн таалим сабактары өтүлөт. Бул сабактар жалпы айымдар үчүн. Келип жан-дүйнөнүзгө азык алып кетиниздер💐 Сабактын күнүн жана убактысын @kyrgyzstan_islam_unversiteti баракчасынан билсеңиздер болот