«Студент» — латын тилинен которгондо бир нерсеге кызыккан, бир нерсеге багыт алган адамды түшүндүрөт дегендей Бүгүн окуу жайыбызда 1-курстун студент балдарына студенттик билет жана сынак китепчелерин тапшыруу аземи болуп өттү. Аземдин алкагында Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Нарматов Абдишүкүр устаз, проректорлор, Гуманитардык билимдер факультетинин деканы, о.э. кафедра башчылары илим-билимдин Исламдагы орду жөнүндө баяндап берди. Ошондой эле студенттер атайын даярдаган чакан концерттик программасын коюп, элдин көңүлүн көтөрдү. Соңунда мугалимдер 1-курстун студенттерине студенттик билет жана сынак китепчелерин ыйгарышты.