Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын гендиректору доктор Салих ал-Вухейбий зыярат кылды

Admin
26 октября 2021 г. 2:56

Бүгүн 26-октябрь күнү окуу жайыбызды Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын гендиректору доктор Салих ал-Вухейбий зыярат кылды. Зыяраттын алкагында коногубуз окуу жай менен таанышып, окуу жайыбыздын жетекчилери жана студенттери менен жолукту. Доктор Салих ал-Вухейбий окуу жайыбыздын жетекчилерине, окутуучулар жамаатына, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, китепканага белек иретинде Курандын кыргызча котормосун жана башка китептерди берди жана устаздар да коногубузга сый-белегин ыйгарышты.