20-октябрь күнү Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташматов Шермухаммед устаз Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Капар Кыдыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушуп, адептүүлүк, илим-билимдин коомдогу орду темасында мектеп окуучуларына баяндама жасады.