Окуу жайлардын студенттик кеңештеринин конференциясы

Admin
16 октября 2021 г. 2:35

16-октябрь күнү окуу жайыбызда Бишкек шаарындагы белгилүү университеттердин студенттик кеңештеринин окуу жайлардын жана студенттердин ортосундагы ынтымак ырашкеликти чыңдоо максатында конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Кыргыз Түрк Манас университети жана Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттик кеңештери катышты. Жолугушууда окуу жайлардын ортосунда карым-катнашты, ынтымакты бекемдеп, спорттук жана маданий иш-чараларды чогуу алып баруу маселелери каралды.