Устаз Шермухаммед Ташматов "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада семинар өттү

Admin
9 октября 2021 г. 14:25

9-октябрь Кыргызстан Ислам университетинин студенттик кеңеши тарабынан ар ишемби күндөрү уюштурулуп туруучу "Жан дүйнө азыгы" долбоору болуп өттү. Семинардын спикери КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы устаз Шермухаммед Ташматов "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген теманын алкагында семинар өттү. Семинарда кызыктуу суроолор жана жан дүйнөнү азыктандыра турган пайдалуу кеңештер айтылды. Семинарга катышкан эжелерибиз, апаларыбыз устазга ыраазычылыгын билдиришти. Семинар менен кошо КИУ студенттик кеңеши китеп жарманкесин өткөрдү.