Күзгү спорттук иш-чаралар

Admin
30 сентября 2021 г. 7:59

29-30-сентябрь күндөрү Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу бөлүмү жана студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган күзгү спорттук иш чаралары өткөрүлдү. иш-чарада студенттер футбол, волейбол, стол теннис жана чуркоо боюнча биринчиликке ат салышты. Футбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка студенттерден 18 команда, волейбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка студенттерден 18 команда катышып, жеңүүчүлөргө кубок, грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруучу: Кыргызстан Ислам университетинин Уюштуруу бөлүмүнө терең ыраазычылык билдиребиз.