"Мугалимдер күнүнө" карата үчүн уюштурулган чакан кече болуп өттү.

Admin
4 октября 2021 г. 7:58

4-октябрь "Мугалимдер күнүнө" карата КИУнун Уюштуруу бөлүмү жана Студенттик кеңеши тарабынан мугалимдер үчүн уюштурулган чакан кече болуп өттү. КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр устаз жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирип, устаздарыбызга Ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Андан соң КИУнун Студенттик кеңеши жана жалпы студенттери тарабынан даярдалган "Мугалим-мөмөлүү дарак" аттуу аталышта майрамдык кече сунушталды. Белгилей кетсек, аземге Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин атынан орун басары Шергазиев Жоробай ажы жана Бишкек шаардык казысы Атабаев Самидин ажы окутуучуларга Ардак грамоталарды тапшырышты. Жыйынтыгында мугалимдерди "Мугалимдер күнү" менен КИУнун жалпы студенттери куттуктап, атайын мугалимдер үчүн даярдаган ыраазычылык, сыйлыктарын беришти.