23-сентябрь "Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тил" күнү

Admin
23 сентября 2021 г. 2:37

23-сентябрь "Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тил" күнү менен жалпы кыргызстандыктарды жана студенттерди куттуктайбыз! Бул күнү Кыргызстан жалпы улуттук майрам — Мамлекеттик тил күнүн белгилейт. Биздин тилибиз аябай бай. Айрыкча кийинки муун ушуну унутпашы керек. Эне тилдин жардамы менен эң терең ойлорду жана сезимдерди билдире алабыз. Эне тил — бул улуттун маданияты жана ой жүгүртүү образы. Биз байыркы, кылымдарды карыткан тилибизди бекем сактап, ага аяр мамиле жасашыбыз керек.