Доктор Салах Абул-Хаж окуу жайыбызга зыярат кылды.

Admin
20 сентября 2021 г. 2:35

Бүгүн 20-сентябрь окуу жайыбызда ханафи мазхабы боюнча учурдагы ааламга таанымал Салах Абул-Хаж устаз болуп, окуу жайыбыздын жетекчилери менен жолугуп, студенттерге лекция окуду. Лекция эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө ханафи мазхабы жана мазхаб кармануу боюнча баяндама жасап, экинчи бөлүгүндө суроо-жооп менен коштолду. Устаз Салах Абул-Хаж окуу жайыбыздын окуу жай жетекчилерине, окутуучулар жамаатына, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, китепканага белек иретинде китеп берип, устаздар да коногубузга сый-белегин беришти.